Hanafi sect - one of the fiqh schools. The imam of this sect is Abu Hanifa. However, many scholars contributed to the development of the Hanafi school as a fiqh school. These scholars contributed to the expansion of the Hanefi school with their works, ideas, activities and students. Many works have been written in order to introduce and spread Hanafi scholars around the science. Information about these works will be given in our article.Ханафий мазхабы – диний-укуктук мектептердин бири. Бул мазхаптын негизги имамы Имам Аазам Абу Ханифа болуп эсептелет. Ошону менен бирге алгачкы учурлардан бери эле ханафий мазхабынын диний-укуктук мектеп катары калыптанып өнүгүшүндө салымы болгон көптөгөн аалымдар жашап өткөн. Бул аалымдар өздөрүнүн илимий иш-аракеттери: жазган китептери, айткан пикирлери, окуучулары аркылуу бул мазхаптын жайылышына өздөрүнүн таасирин тийгизишкен. Бул аалымдар жөнүндө маалымат берип, аларды илим чөйрөсүнө, дегеле жалпы элге таанытуу максатында алардын өмүр таржымалын камтыган көптөгөн китептер жазылган. Бул макалада мына ушул багытта жазылган китептер тууралуу маалымат берилет